SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Байлыкпы, сулуулукпу же сүйүүбү?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Азыркы кыздар аябай эле жеңил ойлуу болуп бара жатат. Акча, байлык, бийликке ушунчалык кызыгуу менен өзүнүн турмуш жолунан адашып жатат. Мисалга, кыздар менен таанышып, анан ишиңди ата-энеңди мамлекеттик жумушта отурган агаларыңды, "крышаларыңды", машинаңды, үйүңдү, Ала-Арчадагы коттеджиңди айтып, бир-эки жолу кафе, ресторанга чакырып, анан 3-жолугушууда унчукпай эле өз максатыңды ишке ашырсаң болот. Анткени кечээ эле таанышкан кызың "илинген лапшаларга" көзү тунарып калат. "Ал мени алат" деп ойлоп, баарына макул болот. Ал түбөлүк жашоосундагы кечирилгис катачылыкка жол коюп жаткандыгын ойлобойт. Акча, байлык, бийлик - баары убактылуу".
"Ар бир кыз өз бутуна туруп калган, жакшы жумушу бар, үй-жайлуу балага турмушка чыккысы келет. Ачыгын айтайын, алардын катарына мен деле кирем. Көпчүлүк адамдар "сүйгөн адамым кедей болсо дагы, кепеде жашасам да, аны менен кайсы жерде жашабайын бейиштин төрүндө жашагандай болот" деп айтышат эмеспи. Бул ойго кошула албайт элем, анткени чогуу болгондон соң ортодо бала пайда болот, анан ал баланын кепеде чоңоюшун, тарбия алышын ар бир эне каалабаса керек".
"Ар бир эле кыз акылы менен сүйүп, келечектеги балдарынын, үй-бүлөсүнүн эч нерседен кем болбой, кемчиликсиз жашашын каалайт. Бирок кыздар ишенчээк болушат. Ар кайсы "лапшаны кулагына илип", ал кызды каалашынча пайдаланып, абийирин бузуп коюп анан "кыздар жеңил ойлуу" болуп калды дегениңер уят го дейм. Кыздардын баарында эле назиктик, ишенчээктик жана сезимталдык жашайт. Ошондон силер пайдаланып, кыздар мындай болуп калды, тигиндей болуп калды дегениңер уят эле. Дагы уялбай кантип алдаганыңарды ачык жазасыңар. Дагы айтам, кыздар ишенчээк болот, андай болушунун себеби, алар табиятынан сезимтал, ар бир эле адамды өздөрүндөй көрөт, ошол үчүн силер сүрөттөгөндөй калптарга ишенет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.