Бишкек шаарында, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, 9-Май - Жеңиш күнүнө карата улуттук классикалык күрөш боюнча республикалык мелдештер өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан, 100дөн ашык балбан катышып, 70 килограммдан 120 килограммга чейинки салмак категорияларында күч сынашты.
Жеңүүчүлөр төмөндө:
70 килограммга чейинки салмакта: 1-орун – Нооман уулу Бектурган (Бишкек). 2-орун – Абситаттар уулу Эрланбек (КРнын күрөш боюнча курамасынын өкүлү). 3-орун – Эркинбек уулу Эламан (Баткен). 3-орун – Эгемберди уулу Адылбек (КРнын күрөш боюнча курамасынын өкүлү).
90 килограммга чейинки салмакта: 1-орун – Жаныбек Аллакунов (КРнын күрөш боюнча курамасынын өкүлү). 2-орун – Муратбек Момунов (Бишкек). 3-орун – Гулжигит Ганиев (Бишкек). 3-орун – Доолотбек Каштабаев (КРнын күрөш боюнча курамасынын өкүлү).
90 килограммдан жогорку салмакта: 1 -орун – Артыкбек Ахматов (КРнын күрөш боюнча курамасынын өкүлү). 2-орун – Нурбек Кожобеков (КР күрөш боюнча курамасынын өкүлү). 3-орун – Улук Исамитдинов (Бишкек). 3-орун – Эмилбек Худайбердиев (Бишкек).