Бишкекте Улуу Жеңиш күнү тартип бузуу болгон жок

Бишкекте Улуу Жеңиш майрамын белгилөөдө тартип бузуу катталган жок. Мындай маалыматты бүгүн, 10-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы өткөрүлгөн 9-Май майрамында 3 миңден ашуун тартип сакчылары коомдук коопсуздукту камсыздоого чыгышкан.

"Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы майрамына карата өткөн “Өлбөс полк” акциясында ошондой эле “Аккула” ат майданындагы “Көк-Бөрү” жана "Ала-Тоо" аянтында жана шаардын көчөлөрүндө өткөн майрамда эч кандай тартип бузуулар болгон жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Barchynbek
2017-05-11 02:52:14
Бытеерлер жок эле өткөнго жөө журушуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан