"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Караколдо зоопарктан качкан карышкыр атылды

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында зоопарктан качып чыккан эки жаштагы карышкыр атылды. Бул тууралуу зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.

“Кечээ күнү майрамда эл көп болгон учурда кимдир бирөөлөр карышкыр камалган торду кесип салышыптыр. Ал качып чыккан соң эмне болсо да бөрү баласы, шаар ичинде коркунуч жаратып кимдир бирөөлөргө кол салбасын деп милиция кызматкерлерин чакырып, аттырдык. Коомчулукка тараган видео милиция кызматкерлери атууга аракет кылып жатканда кан болуп качып бара жаткан учурда кимдир бирөөлөр тартып алыптыр”, - дейт зоопарктын жетекчиси.

Эскерте кетсек, Бүгүн 10-майда окурман Караколдогу зоопарктан карышкыр качты деп SUPER.KG`ге билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dina1983-19
2017-05-10 15:15:04
Окту жеп алып качып жүргөн экенда байкуш
+2
modem4999
2017-05-10 17:32:41
Постанова болгон экен да.
0
Beka1986
2017-05-10 20:18:22
Байкуш
0
AykaMer
2017-05-11 10:59:33
Апей,,,зоопарктын кызматкерлеринде снотворный ата турган мылтык болчу эле го. Буларда жок бекен. Ошо м.н эле атып уктатып,кайра местасына койсо болмок экен. Карышкыр деле жаныбар да. Торду кесип кеткен кайсы келесоо болду экен. Бул маданиятсыздардын айынан кенири бир нерсе жасоого да болбойт ай... Жасаган сайын бузуп турат ай... Тообо,чындап эле жетишпейби буларга?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан