Кытайдан өрдөктүн эттерин алма деп алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кытайдан Кыргыз жергесине өрдөктүн тоңдурулган эттерин алма деп алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-майда “Торугарт” чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытайдан келе жаткан унаа текшерүүгө алынганда, төрт катар алма салынган коробкалардын аркасына аталган эттерин бекитип коюшканы билинген. Унаанын ээлерине алма алып өтүүгө гана уруксат болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү материалдар топтолуп Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Adil706070
2017-05-10 19:50:18
Кыргызстанда ,озубуздо алма турганда Кытайга ХХХ барбы,ансыз да тамак-аштын баары кытайдыкын жеп кыргыздын гени бузулуп жатканда.
Ушул ордоктун этин уялышпай халал деп хошан жасап жатышат.Кудайдан корксонор боло соодагерлер канча элдин жоопкерчилиги силердин мойнунарда экенин сезсенер.Каерде кытайлыктар бисмилла Аллаху Акбар менен сойчу эле экспортко деп
+14
raykray
2017-05-10 20:30:27
карасындар эшектин этинда жиберет алар, кыйын болуп эшек экспорт кылышып аттылего Кытайга?!
+5
matilla
2017-05-10 20:50:45
Параны азыраак берип койгон го, өткөрбөй кармагандарына караганда....
+12
bond02
2017-05-10 20:59:25
Кокустан ачып карап калышкан го дейм кандай алмалар бар экен деп.
+6
eduardali
2017-05-10 21:10:49
Жүздөн бирин ушинтип ачышат биздикилер.колдон келсе мөмө жемиштерди да киргизбей эле койсо жакшы болот эле.
+4
Kroxa
2017-05-10 21:29:40
Ордоктун эти экенине кумонум бар...крысаны да филе кылып корсотту эле кытайлардын кылбаганы жок..
+4
KGstan1981
2017-05-10 23:09:43
Таможениктер мына биз иштеп жатабыз деп бир жылда бир жолу показуха этишиптир.Оштогу таможнийдин начальнигин уйун корсон жон эле жомоктогу хан сарай.
+5
Azatbek83
2017-05-11 00:40:40
Кытайдын таможнясынан кантип чыгышкан???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан