Фрунзе шаарында 90 жыл мурун, 1927-жылы 10-майда Кыргыз тилинин өнүгүшү жана анын терминологиялык аппаратына байланышкан жыйын өткөн. Жыйынды Академиялык борбор жана Жаңы Кыргыз алфавит президиуму уюштуруп, ага өкмөт мүчөлөрү менен борбор шаардын маданият кызматкерлери чакырылган. Коомдук ишмер Касым Тыныстанов "Кыргыз тилине чет элдик терминдердин тийгизген таасири" темасында билдирүү жасап, аларды этият пайдалануу зарылчылыгын белгилеген.
10-майдын жылнаамасы.