Ирандык студентти Лионель Мессиге окшошкондугу үчүн полиция кармады

Ирандык студент Реза Парастеш белгилүү аргентиналык футболчу Лионель Мессиге окшошкондугу үчүн аны полиция кармады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул окуя Ирандын Хамадан шаарында болгон, Реза Парастеш менен көчөдөн сүрөткө түшүү үчүн абдан көп адам топтолуп курчап алышкан. Мындай абалды полиция кызматкерлери тартипсиздик деп эсептеп, Резону полиция бөлүмүнө алып барган.

"25 жаштагы ирандык студент Реза Парастеш аргентиналык футболчу Лионель Мессиге окшошкондугу менен дүйнөгө таанылууда. Реза Барселонанын футболкасы менен сүрөткө түшүп, интернетке киргизгенден кийин белгилүү болгон. Анан Реза Мессинин адаттарын кайталап, сакал жана чачын футбол жылдызыныкына окшоштурган. Эми кабарчылар Реза Парастештин артынан калбайт жана ал бир нече модель агенттиги менен келишим түзгөн. Мессиге толугу менен окшошом деп Реза футболдун өзгөчө ыкмаларын үйрөнүп жатат", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aseras
2017-05-10 17:39:13
Чачтын прическасын эмне Месси озунуку кылып ээлеп алды беле.Каалагандай чач,сакал коет да.Суротко тушкуло келгилеее деп озу чакырбаса керек.Адамдар озулору топтолгондур кызыгышып.Ал эми фудболкага келсек андай фудболканы кобу эле кийсе керек.
+10
ukmuw-ukmuw
2017-05-11 02:28:56
aseras,тартипсиздик уюуштурду деп атат го !андай жерде еми жардыруу болуп кетпесин деп атышат да!
+1
Adil706070
2017-05-10 17:40:24
окшош экен
+8
nemo2016
2017-05-10 17:45:16
чынында абдан окшош экен
+8
Tansuluu09
2017-05-10 17:50:44
Окшосо эмне экен? Фанаты экенда ))
Ошого да полиция кармаса ;(
+8
Ulan2601
2017-05-10 19:14:05
Окшош экен
+2
Babi.
2017-05-10 19:19:33
Кайсынысы чыныгы Месси деп ойлонуп калат экенсин)
+2
Ashka
2017-05-10 19:23:01
Окшошко
+1
maltepe
2017-05-10 20:13:26
Көздөрү бир аз кичине экен
+1
Usonbek
2017-05-10 20:43:53
Мессинин эгизи го мессининатасы ошол убактаиранга келбеген бекен случайно
+4
Lion.
2017-05-10 21:46:55
Usonbek, ХаХа жардын бро
+1
Jazdyn_tany
2017-05-10 21:52:44
Мессиден бир аз олбурлуу (здоровый) экен ирандык жигит
+1
ayjan_90
2017-05-11 01:47:12
Аябай окшошго чын эле
0
Rysbek91
2017-05-11 08:09:16
Экинчи Месси...
0
kechirmeni
2017-05-11 08:24:38
Мессинин кулагы учтуураак экен. Бизде да ушундай Мессимин дегендер пайда болсо сразу кулагын карагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан