ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: Азербайжандын экс-президенти Гейдар Алиев көзү тирүү болгондо 94 жашка чыкмак

Бүгүн, 10-майда Азербайжандын экс-президенти Гейдар Алиев көзү тирүү болгондо 94 жашка чыкмак. Ал 1923-жылы 10-майда темир жолчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өз карьерасын Алиев Ички иштер эл комиссариатында иштеп баштап, кийин Азербайжан ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагалыгына чейин жеткен. 1969-жылы Азербайжандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.

Гейдар Алиевдин ысымы 1970-1980-жылдары Азербайжанда экономикалык өсүш, шаардыктардын турмушунун жакшырышы, улуттук интеллигенциянын жаралышы менен алыска угула баштайт. Бирок ошол эле учурда Азербайжан бюрократиясында ири коррупция пайда болгон. Алиевдин душмандары акырындык менен көбөйө баштаган. Ал Юрий Андроповдон колдоо алса, Михаил Горбачевдун тушунда бийлик сересинен "ыргып кеткен".

1990-жылдын башында Бакудагы кандуу окуя учурунда союздун ардактуу пенсионери Алиев бийликке нааразылык билдирип, каршы чыккан. Ошол кезде мындай кадамга баруу чоң эрдик болчу. 1993-жылы саясий интригалардын арты менен Гейдар Алиев кайрадан бийликке келген. Көшөгө артында оюндарды уюштуруу менен ал шайлоодо Элдик фронттун жетекчисин да, козголоңчу премьер-министрди да жеңип алган.

Анын саясий жеңиши Азербайжандагы саясий абалды турукташтыруу менен көрүнгөн эле. Ички саясатта ал атаандаштарын, оппозиционерлерди ырайымсыз басмырлоо менен, ал эми тышкы саясатта Тоолуу Карабах боюнча Армения менен коогалаңды токтотуу келишимин түзүү жана мунай боюнча "кылым келишимин" түзүү менен жеңишке жетишкен.

Алиевдин айланасында миф жаралып, ал улут атасы атала баштаган, мындай кадыр-барктын жаралышына президент өзү да бир топ аракеттерди жасаган. Мисалы, ошол мезгилде Меккеге барып, зыярат кылып келген. Муну менен анын кадыр-баркы андан да жогорулап, окуу китептерине анын сүрөттөрү басыла баштаган.

1999-жылы АКШнын Огайо штатындагы Кливленд ооруканасында анын жүрөгүнө операция жасалган. 2003-жылы мартта кайрадан жүрөк оорусу кармап, Түркияда дарыланган эле. Бирок оорусу күчөп, АКШга кеткен. Ал өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн да АКШда ооруканада өткөрүп, 2003-жылдын 12-декабрында каза болгон.

10-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан