Бүгүн, 10-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жерине алтын буюмдарын мыйзамсыз ташуу аракети тыйылбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков парламентте аталган маселеге тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдирди. 2017-жылдын алгачкы 3 айында Кыргыз мамлекетине алтын буюмдарынын 88 пайызы аткезчилик жол менен киргизилген. 10-20 пайыз эмес, дээрлик 90 пайызы... Бул бюджетке түшчү миллиондор жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат дегендик. Мыйзамды сыйлаган өлкөдө мындай көрсөткүч үчүн Бажы кызматынын жетекчилиги токтоосуз отставкага кетип, тийиштүү жазасын алмак.
Контрабанданы өкмөт 15 жылдан бери токтото албай жатканын, мунун артында ири мафия турганын айтты спикер. Ишкерлер зер буюмдарын Кыргыз жеринде өндүрүлгөн материалдардан даярдоо сунушун эбак айтып чыкканы менен өкмөт эмдигиче жардам бере электигин баса белгиледи. 2016-жылдын бюджети аткарылбаса, жооптуу органдардын кайдыгерлигинен улам Өзгөндө 24 адам көчкү алдында калса, курулган жолдор 1 жылга түтпөй тешилип жатса, бир эле тармакта контрабанда 88 пайызды көрсөтүп жатса... Жогорку Кеӊеш кайсы жетишкендиги үчүн өкмөттү мактап, отчётун бир добуштан кабыл алды? Бажы кызматы коррупциянын тамыры жайылып, ири суммада акчалар айланган тармак. 2016-жылкы планды аткарбай, төлөмдү 2,5 миллиард сомго аз жыйнаган. Мамлекеттик казынага чогултуп берген салымы аз болгону менен, бул тармактын кызматкерлеринин жеке финансылык абалдары суктанарлык. Мисалы, быйыл бажы кызматкерлеринин көпчүлүгү Жаӊы жылды Дубай, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары өӊдүү ысык өлкөлөрдөн тосушканы ушул эле парламенттин трибунасында айтылып, сынга алынган. Бирок алардын аты-жөнү, кайсы акчага эс алып келишкени жабык бойдон калды. Өткөн жылы "Манас" аэропортунан контрабандалык жүгү бар КамАЗдар кармалган. Ал иш кантип жыйынтыкталганы, күнөөлүүлөр жазасын алдыбы-жокпу белгисиз. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине 648 миӊ сомго кол сааттарды сатып алуу боюнча жарыяланып, катуу сындардан кийин токтотулган тендер да унутула элек. Турсунбеков айткан мафиянын башчысы Жогорку Кеӊеште же өкмөттүн өзүндө отурган жок деп айтуу кыйын. Айтор, кемчилик көп, жоопкерчилик тарткандар көрүнбөйт. Бажы тармагында иштөөнү эӊсегендердин көптүгүнүн себеби да ушудур...
Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугу талкууланган кезектеги жыйын өттү. Бишкек ШИИББине караштуу Патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлү Жакып Жумаевге таянсак, 2017-жылдын 4 айында эле Бишкекте 699 жол кырсыгы катталган.
Борбор шаарда 2 мектеп окуучусун автоунаа сүзүп, балдарды дарыгерлер аман алып калышкан эле. Кылмышка айыпталып 1 айга камакка алынган айдоочунун жакындары жабырлануучу тараптан тосмо арыз жазууну суранып жатканын ички иштер министри Улан Исраилов тастыктады. Ал эми коомчулук күнөөкөр жасаган кылмышына жараша жазаланышын күтүп, окуянын өнүгүшүн күзөтүп турат. Бүгүн Бишкекте дагы бир окуучуну автоунаа сүзүп, жаракат алган кыз ооруканага жеткирилди. 2010-жылдан бери бир нече ички иштер министрлери алмашты. Жаңы дайындалып жаткан ар бир Ички иштер министри калктын коопсуздугун камсыз кылам дейт. Бирок өлкө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, баңги бизнесине каршы күрөшүү эмес, элементардык, жол коопсуздугуна жетпей келе жатат. Дале айдоочуларды, жөө жүргүнчүлөрдү дагы чочулатып, жоопкерчилигин күчөтө турган тартип орной элек. Ошондуктан Рысалиевдин, Суранчиевдин, Турганбаевдин, Жунушалиевдин тушундагы көйгөйлөр бүгүн Исраиловдун тушунда деле чечилбеген бойдон, курч маселе боюнча турат. Тегерек стол, кеӊешме өӊдүү формалдуу иш-чаралар менен көчөдөгү коопсуздукту жакшыртып жиберүү мүмкүн эмес. Абалды жакшыртууга кескин реформа, чечкиндүү кадамдар керек. "Коопсуздукту күчөтүү керек", "Балдардын өмүрүн коргошубуз керек", "Айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү керек"... Качан ушул "керектер" азайып, жооптуулар сөздөн ишке өткөндө гана жылыш көрүнөт...