10-майда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында жаңы аймактык милиция бөлүмчөсү ачылды. Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков жана башкалар катышты. Бул бөлүмчөдө 10 адам эмгектенип, А.Масалиев жана Марказ айыл өкмөтөрүнүн тургундарына кызмат көрсөтмөкчү. Министрдин орун басары Бактыбек Жусубалиев буларды айтты:
“Бул аймактык бөлүмчө чек арага жакын жайгашкандыгы үчүн стратегиялык мааниси чоң. Жаңы ачылган имаратта иштеген адамдар карапайым элге ак кызмат кылып, бардык жактан аларды коргойт деген ишеничтемин”.