"Оскар" сыйлыгынын ээси, америкалык таланттуу актриса Жоан Кроуфорд 40 жыл мурун, 1977-жылы 10-майда 69 жаш курагында (кээ бир маалыматтарда 73 жашында) жүрөк оорусу кармап, Манхэттендеги батиринде каза болгон. Ал эч качан өзүнүн туулган жылынын так күнүн айткан эмес. Айрым маалыматтарда 1903-жылы туулган делсе, башкалар бул жылы иниси туулганын айтып чыгышкан.