10-класстын окуучулары таштанды жыйноочу роботтун үлгүсүн жасап, АКШда өтө турган "Гений окуучулар долбоору" олимпиадасына чакыруу алды

"Сапат" билим берүү мекемесинин "Сема" лицейинин 10-классынын окуучулары Кудайбаков Кансаар менен Зулпукар уулу Таберик таштанды жыйноочу роботтун үлгүсүн жасап, АКШда өтө турган "Гений окуучулар долбоору" олимпиадасына чакыруу алды. Олимпиада Нью-Йорк штатында Осуиго шаарында 12-17-июнь күндөрү өтөт. Бул тууралуу алардын информатика мугалими Муратбек Ишенбаев бүгүн, 10-майда SUPER.KG`ге билдирди.

"Гений окуучулар долбоору" олимпиадасына окуучулар түрдүү категориялар боюнча тандалып алынат. Максаты - айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу, ар кандай улуттардын биргелешип иш алып баруусуна шарт түзүү, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү. Ошондой эле эл аралык тажрыйбаларда окуучуларды социалдык иш-чараларга катыштыруу болуп саналат.

Биздин окуучулар экология категориясында таштандыны түрлөрүнө карап, атайын урнага салган роботтун үлгүсүн жасап чакыруу алышты. Алгач ушул жылдын февраль айында онлайн турга катышты. Андан соӊ гана кийинки баскычка өттүштү.

Олимпиадада көрсөтүлчү робот - лего роботтор, 540 тетиктен куралган. Программасын өзүбүз иштеп чыкканбыз", - дейт Муратбек Ишенбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aruwka.89
2017-05-10 20:34:36
молодцы
+6
Tansuluu09
2017-05-10 20:48:15
Азаматсын
+4
ABDulHai
2017-05-10 21:01:28
Кыргыздан чыкса кыйын чыгат дечү беле...
АКШны да багынтып келгиле!
+11
Aiturgan.95
2017-05-10 21:05:12
Азаматсынар ийгилик каалайм.
+2
Sultanim
2017-05-10 23:07:55
Сапат билим беруу мекемесинен толтура дуйнолук олимпиада,проектер мн барышат соц.тармактардан коруп сыймыктанабыз!азаматтар! !!
+7
Istina1000
2017-05-11 00:30:57
Азаматсынар, кыргыздын атын дуйно тааныткыла. Ийгилик иш башатынарга
+1
Oreanda
2017-05-11 02:20:09
Аябай жакшы жанылык.Азаматсынар балдар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан