Памела Спратлен: "Максим Бакиевдин айыбы боюнча далилдер жетишсиз болгондуктан, АКШ кылмыш ишин токтотту"

Бүгүн, 10-майда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Жолугушууда Абдылдаев АКШ Максим Бакиев боюнча кылмыш ишин токтотконуна кыргызстандыктар нааразы экендигин айтты элчиге. Ал ошондой эле Кыргызстанда соттун чечими менен М.Бакиевди жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартууга өкүм чыкканын кошумчалады. Кыргызстан тарап аны экстрадициялоого жана жазасын берүүгө бардык аракеттерин жумшайт. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Спратлен Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш ишинин токтотулушу анын күнөөсү боюнча далилдердин жетишсиздиги негиз болгонун айтты.

Айта кетсек, АКШ прокуратурасы Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш ишин токтоткондугу белгилүү болду. Буга чейин аны баалуу кагаздарга байланыштуу айыптап, Улуу Британиядан аны экстрадициялоону талап кылып келген. Ал эми М.Бакиевди АКШга өткөрүп берүү боюнча соттук отурум 2013-жылдын 13-майында Лондон шаарында өтмөк.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан