Жекенди айыл аймагындагы 3140 жергиликтүү тургун чатырларга көчүрүлгөнүн Ош облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси Дайырбек Каримов билдирди.
"Шибээ айылына 53 даана чатыр тигилип, 265 адам көчүрүлдү. Жекенди айылына 77 чатыр тигилип, анын бирөө медициналык жардамга бөлүнгөн, 454 адам көчүрүлдү. Чулук айылында 61 чатыр тигилип, 244 адам көчүрүлдү, Кара-Тейитке 121 чатыр тигилип, 605 адам көчүрүлдү. Кара-Мыкка 234 чатыр тигилип, 1572 адам көчүрүлдү. Жалпысынан 546 чатыр тигилип, 3140 адам жашап жатат", - деген Дайырбек Каримов.
Чоң-Алай районунун Жарандык коргонуу комиссиясы 1022 турак жайды изилдеп, 537 үйдү авариялык абалда (4 категория) экенин, 8 үй урап (5 категория) калганын аныктаган.
Эскерте кетсек, 3-майда саат 10:50 чамасында өлкө аймагында жер титирөө катталган.