Ош "Сема" лицейинин окуучулары Байэл Чаткалбай уулу жана Нурбек Калмаматов Американын Техас штатындагы Хьюстон шаарында 3-8-май күндөрү болуп өткөн "I-SWEEEP" долбоордук олимпиадада экология категориясында күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG`ге окуучуларды иш-чарага коштоп барган мугалими Муратбек Ишенбаев билдирди.
"Бул олимпиадага биздин лицей 2 долбоор менен барган. Биринчиси Байэл Чаткалбай уулу менен Нурбек Калмаматовдун "Мунайды тазалоочу бактерия" долбоору, экинчиси Алихан Орозбаевдин "Уулуу зат арсенийди тазалоо" долбоору. Окуучулар "Мунайды тазалоочу бактерия" долбоору менен олимпиадада күмүш медалга ээ болушту.
Ушундай Кыргыздын атын алыскы Америкага таанытып келген окуучуларды тарбиялаган ата-энелерге жана мугалимдерге чоӊ ыраазычылык билдиребиз", - дейт Муратбек Ишенбаев.
Белгилей кетсек, "I-SWEEEP" - мектеп окуучулары үчүн ачык новатордук илим олимпиадасы. Ал дүйнөдөгү ар кайсы улуттагы элдерди байланыштырат жана таланттуу студенттерге келечекте аларды кандай жакшы ийгиликтер күтүп жатканынан кабар берет.
Олимпиада 3 категорияга: алтернативдик энергия, айлана-чөйрөнү коргоо, инженерия жана жаӊы технология деп бөлүнөт.