Эльбрус тоосуна 3 саат 24 мүнөттө чыккан спортчу жаңы рекорд койду

Эквадордун жараны Карл Эглоф Европанын эң бийик тоосу Эльбруска 3 саат 24 мүнөттө чыгып жаңы дүйнө рекордун койду. Бул тууралуу "Российская газета" басылмасы жазды.

Буга чейин аталган тоого 2015-жылы орусиялык Виталий Шкель 3 саат 29 мүнөттө чыгып, рекорд койгон. Бул жылы тоонун чокусуна 14 өлкөдөн 400 спортчу аттанган. Маршрут 2350 миң метр бийиктиктен башталып, 5642 метр бийиктикте аяктаган.

Эльбрус Европа менен Орусиянын эң бийик тоосу. Анын эки чокусу бар. Батыш чокусу 5642 метр болсо, Чыгыш чокусу 5621 метр. Алардын аралыгы 3 чакырым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mbmur
2017-05-11 09:36:08
Биздин тоодо жашаган,жургон жери тоо таш болгон бироону алып барып коруш керек экен.3 саатта чыгып туболук рекорд койсо ажеп эмес.
+4
Azat.97
2017-05-11 10:08:15
Жапыз эле корунот экен.Биздин айылдагы тоонун чокусу 4880 метр 3 саатка жетпеген убакытта эле чыгам
0
Kurstan_CR7
2017-05-11 10:19:12
Жакшы даярданып чыкса болот.
Ушундай бийик тоолорго чыгуу бир максатым!
Ниет кылып журом...
0
Adil706070
2017-05-11 14:42:38
Бизде айылда тургундар малын жоготкон сайын андай бийик болбосо дагы,корунгон тоо таштын арасын,кокту колотту калтырбай издешет го 3саат эмес 1 кун кечке чейин илгери умут менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан