АКШ тарап кырсыкка учураган КС-135 учагынын "кара кутучасын" издөөнү токтотууну суранды

АКШ тарап 3-майда Чүй облусунун аймагында кырсыкка учураган КС-135 учагынын "кара кутучасын" издөөнү токтотууну суранды. Бул тууралуу 11-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Америкалык тарап эмне үчүн мындай чечимге келгени азырынча белгисиз.

Айта кетсек, 3-майда "Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун май ташуучу учагы кырсыкка учурап, андагы 3 учкуч каза тапкан. Ал эми учактын "кара кутучасы" Кыргызстандагы тийиштүү органдар тарабынан изделип жаткан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан