Талас облусунун тургуну Азис Курамаев 9-майда уулунун ооруп жаткандыгына байланыштуу облустук ооруканадагы дарыгерге кайрылса, ал бере турган кеңеши үчүн 300 сом өлчөмдө акча талап кылганын социалдык баракчасы аркылуу жазган. Ошондой эле ал SUPER.KG порталына берген маегинде: "Акчага деле күйгөн жокмун, дарыгер бизге талап койгонуна ызаландым", - деген.
Талас облустук ооруканасынын жетекчиси Шаршенбек Жумашалиев бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: "Жогорку категориядагы дарыгер-инфекционист Абакир Сулаймановдун көп жылдык тажрыйбасы бар. Ал бейтаптардан акча сурай турган киши эмес. Дарыгер 9-майда кайрылган Азис Курамаевдин баласын карап берип, ал стоматит болуп жатканын айткан. Андан соң тиш дарыгерине кайрылуусун сунуштаганда, ортодо түшүнбөстүктөр чыгып, уруша кетишкен".
Ал эми акча сурагандыгы айтылган дарыгер Абакир Сулайманов Азис Курамаевди сотко берүүнү ойлонуп жатканын айтты.
"Бейтаптын атасы мага куру жалаа жапкандыгы үчүн аны сотко берүүнү ойлонуп жатам. Мен акча талап кылган эмесмин, муну далилдей турган күбөлөрүм бар", - деди ал.