Италиянын Бормида айылына көчүп баргандарга 2000 евродон төлөнөт

Италиянын Бормида айылынын башчысы аталган айылга көчүп баргандарга 2000 евродон төлөп берерин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаганын The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, төлөм айылдан турак үйдү же узак мөөнөткө ижарага алган, же сатып алган адамга берилет. Деңиз деңгээлинен 420 метр бийиктикте жайгашкан Бормидада үйдү айына болгону 50 еврого (3700 сомдой) ижарага алса болот. Чоң үйдү 120 еврого (болжол менен 8900 сом) алса болору жазылат маалыматта.

Мындай сунушу менен айыл башчы Даниэле Гальяно айылдын жок болуп кетишин алдын алгысы келет. Себеби учурда ал айылда 394 гана адам жашайт.

"Биздин коомубуз кичинекей, бирок ынтымактуу", - дейт ал.

Айыл тоо арасында болгону менен, деңизден алыс эмес. Андыктан, тургундар үчүн таза аба кепилденет. Бормида эч нерсеси менен өзгөчөлөнбөйт.

"Бул жакта жашоо жөнөкөй жана табигый. Бизде токойлор, эчкилер, чиркөө жана көп тамак-аш бар. Бул жактан сиз стресстен арыласыз", - дейт жергиликтүү ресторандардын биринин менеджери Оддоне Жузеппе.

Даниэле Гальянонун билдирүүсүнө айрым колдонуучулар 2000 евродон баш тартып, жумуш менен камсыздап беришсе, көчүп барышарын жазышкан. Бирок дал ушул көйгөйдөн улам аталган айылдын тургундарынын көпчүлүгү башка жакка көчүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bazana
2017-05-11 10:21:52
Мен барат элем ))
+1
salimbek87.kg
2017-05-11 10:39:14
Bazana,20мин эвро берседа оз мекенинден калба.
+4
ady-88
2017-05-11 10:55:17
Барып мал сал кылса болчудай экен
+7
ekaterinburg
2017-05-11 10:58:53
Бироонун жеринде султан болгуча,озундун жеринде ултан бол!
+2
Shadykanov
2017-05-11 22:10:59
ekaterinburg, ултан деген эмне соз
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-11 10:59:40
Башка жерден баргандарды кабылдайт бекен ким билет?
+2
Abdusamat.kg
2017-05-11 11:48:49
Деңизге жакын болуп жатат . Деңиз толкуса 2000 евро тешип чыгат. И так жер титирөө жетиштүү
-2
Real_mir
2017-05-11 12:21:29
394 адам.ресторан бардейби?
0
Kroxa
2017-05-11 22:36:43
Иш жок болсо кетишкен тура 2мин еврон бат эле тугонот да иштебесен..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан