Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында 4 жыл мурда башталган мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы мектеп авариялык абалда, окуучулар коркунучта окуп жатышат. Бул тууралуу мектеп директору Венера Эпеева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айылдагы мектеп 1958-жылы ашар жолу менен салынган. 2007-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жараксыз деп табылган. 2013-жылы сметалык баасы 53 миллион 700 миң сомдук 225 орундуу мектептин курулушу башталган. Бирок ушул убакка чейин мектептин курулушу толук бүтө элек.

"Быйыл Тогуз-Торо районунда кар оор түшкөндүктөн, мектептин чатыры сынып, жараксыз абалга келген. Жамгыр жааган учурда ичине кошо жаап жатат. Чоң-Алайда болгон жер титирөө бизде да сезилип, дубалдагы мурдагы жаракалар чоңойду. Айла жок, окуу процессин токтото албайбыз. Окуучулар коркунучта окуп жатышат. Быйылкы окуу жылына жаңы мектеп бүткөрүлбөсө, келе жаткан кышка туруштук бере албайт", - дейт мектеп директору Венера Эпеева.

Венера Эпееванын айтымында, жаңы мектептин бүтпөй жатышына акчанын жоктогу себеп болууда.

"Жаңы мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда. 2013-жылы пайдубалы, 2014-жылы биринчи кабаты, 2015-жылы экинчи кабаты бүткөрүлүп, 2016-жылы чатыры жабылды. Мектептин курулушунун кечеңдеп жатканын айтсак, акчанын жоктугун себеп кылышууда. Мектеп быйылкы окуу жылына даяр болсо жакшы болмок", - дейт Эпеева.

Айта кетсек, Кара-Суу айылындагы мектепте 210 окуучу билим алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан