Жеӊиш майрамында ардагерге бош конверт берилгени боюнча айыл өкмөт башчысы түшүндүрмө берди

Социалдык тармактагы тайпалардын биринде 85 жаштагы ардагер Капас Бокбаевге Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтү тарабынан Жеңиш майрамында бош конверт берилгени жазылып, кызуу талкууга алынган.

Маалыматтарга караганда, майрамга бир күн калганда айыл өкмөтү аксакалды майрамга чакырып, салтанатта ага үч бурчтук болуп бүктөлүп, Гвардиялык тасма менен кооздолгон конверт беришкен. Кийин Капас аксакал үйүнө келген соӊ конверттин ичи бош экенин көрүп, көзүнө жаш алган. Аталган окуя боюнча айыл өкмөт башчысы Мирлан Кыдыкеев бүгүн, 11-майда SUPER.KG`ге ардагерге эч кандай конверт берилбегенин айтып, буларды билдирди:

"Капас аксакал тылдын ардагери болгон, ага майрамда ичи бош конверт берилген" деп интернетте туура эмес маалымат кетиптир.

Биринчиден, Капас Бокбаев "эмгектин ардагери", тылдын эмес. Ал 1931-жылы туулган. Ал тылдын эмгекчилеринин да, согуштун ардагерлеринин да тизмесине кирген эмес. 1945-жылы ал болгону 14 жашта болчу. Майрам күнү Капас Бокбаев айылдын аксакалы катары майрамга чакырылган.

Экинчиден, үч бурчтук болуп бүктөлүп, Гвардиялык тасма менен кооздолгон конверт эмес, мектеп окуучулары атайын аксакалдарга деп даярдаган открытка болчу. Ал майрамга чакырылгандардын көпчүлүгүнө берилген.

Кечээ бул окуя боюнча да Капас аксакалдын үй-бүлөсүнө барып, баарын түшүндүрүп бердик. Алгач бизге келип, баарын такташса болмок экен. Андыктан алар кайра бизден кечирим сурашты", - деп түшүндүрдү Мирлан Кыдыкеев.

Айыл өкмөт башчысы айылда азыр тылдын алты эмгекчиси жана согуштун бир ардагери бар экенин, тылдын эмгекчилерине 10 миң сомдон, согуштун ардагерине 15 миң сом бир жолу материалдык жардам катары берилгенин кошумчалай кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Gupa
2017-05-11 12:25:26
Эмненин ардагери болсо деле бош конверт бош да... А ал айылдын аксакалдарынын бири.
+26
Shekeev969798
2017-05-11 12:39:46
14 жашка чыккан болсо ойноп жургон эместир согушка маалында, эмгек кылган да
+33
Raduga
2017-05-11 12:59:13
ага да берип койсо болмок экен
+26
futboler
2017-05-11 13:09:33
Бир эки мин салып койсо болмок экен, ушинтип уят болушпай
+28
Abubakir05
2017-05-11 14:19:44
Бизде деле конвертке 500 салып элге мин сомдон деп айтып бериштиго
+14
tatynam_88
2017-05-11 15:12:52
Ущулар элдин озуно куноону коюп уйронуп алышты ээ.ашасы баш болуп.уяты жоктор.элдин каргышы урса экен баарынарды
+12
admin_portal
2017-05-11 15:25:35
Gulnur1980, этика нормаларын сактаңыз.
+1
nemo2016
2017-05-11 15:35:35
эх ушул жеп жутарлар бир нерсени коросунор силерда элдин акчасына байсынар креслодо отурган урулар
+4
raykray
2017-05-11 16:40:46
Ошо мектеп окуучулар жасаптыр,башкаларгада берилиптир пустой кантип берди уят, ар намыс жок!!!
+5
spinkub
2017-05-11 19:14:20
Дагы уйуно барып тактадык деп койот бети жок. Бир эки мин акчаны ошол куну арак ичип деле койсонор керек. Согуш маалында 14 эмес 5-6 жашар балдар талаада эмгектенген. Бул аксакалдын погуна да арзыбайсынар ХХХ
+4
Beise
2017-05-11 19:32:22
Айыл башчы уятын жок экен 15 жаштагы балдар тылда иштешкен да эмнеге актанасын чонтогунон болсо да кечирим сурап сыйлап кой бата аласын Айтматовдун чыгармаларын унуттунбу эмне кимдер иштеген уялбай айтып сын согуш болуп атканда 14 жашта деп
+3
bond02
2017-05-11 19:55:43
Ушу бийлик адамдары аябай танат да эч мойнуна алышпайт, уурусу кучтуу болсо ээси доого жыгылат деп бекер айтпаптыр да ата бабалар.
+2
Kroxa
2017-05-11 22:27:01
Эмгек ардагери согуш маалында 14 жашта болсо бериши керек болчу согуш ардагерлери арабызда азайып деле калды так ошол эмгек ардагерлери согуштун кан жуткан айылдарын баккан..согушка тамак аш жонотушкон..же алардын эмгеги бааланбайбы??
+3
arzygulR
2017-05-12 00:58:19
Уят эле тообо кылдым болгону 14 жашта болгон деп кантип айты
+2
Kumarchik
2017-05-12 17:15:32
Байкуш карыянын конулун алып койсонор болмок экен аттин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан