Талас районунда унаасы менен 10 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, жардам бербей кетип калган айдоочу кармалды
5-майда Талас районунун Көк-Ой айылында автокырсык болуп, 10 жаштагы өспүрүм жаракат алды. Окуя саат 18:00 чамасында болуп, унаасы менен баланы сүзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Учурда кылмышка шектүү жаран кармалып, сурак берип жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалымат боюнча, кырсык болгон соң айдоочу жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөткөндүн ордуна кайра аны урушкан. Кармалган жаран Талас районунун 1942-жылы туулган тургуну экендиги белгилүү болду.