Бишкекте бүгүн, 11-майда саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитети жана камакка алынган саясатчылардын жакындарынын митинги бүттү.
Митингге катышып жаткан Руслан Султанов агасы Марат Султанов УКМКнын абагында экенин белгилеп "саясий куугунтукту токтотуу керек деп бир жылдан бери айтып келе жатабыз. Акаевдин доорунан баштап эле демократиялык өлкө деп өзүбүздү жарыя кылдык эле, бирок ал калп болуп жатат. Дүйнөлүк саясатчылар бизди уксун деп элчиликтин алдына чыктык", - деди.
Саясий куугунтуктан коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев "Митингде эки саат аралыгында өз максатыбызга жеттик. Муну менен токтоп калбайбыз. Талаптарыбызды айттык. Тийиштүү мекемелерге кайрылуу кат жиберебиз", - деди.
Митингчилер учурда тарап кетишти. Германиянын Кыргыздагы элчилигинен митингчилерге эч ким чыккан жок.