Бүгүн, 11-майда Башкы прокуратуранын алдына "Akoc" коомдук бирикмеси жана "Кыргыз чоролору" бирикмеси тарабынан уюштурулган "Башкы прокуратура иштеген жок" митинги өттү.
Митинг саат 11:00дө башталып 12:00дөр чамасында аяктады. Алар Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин эл ишенимин кайтаруу боюнча чыгарган буйругун үзгүлтүккө учуратты деп доомат коюшууда.
"2016-жылы чыккан президенттин 161-буйругундагы "укук коргоо органдарына эл ишенимин кайтаруу керек" деген талапты аткарбай жатышат. Башкы прокурор жарандарды орун басарларынын бири кол коймоюнча кабыл албай турган буйрук чыгарыптыр. Ошол үчүн бизди кабыл албай жатат. Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы буйрук чыгарып алган. Ушул буйругу үчүн келе жаткан жумада сотко кайрылабыз", - дейт "Akoc" коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Шаршембаев.
Митингге чыккан 10-15 адамга Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Маженов жолукту. Ал чогулгандардын ар биринин маселесин укту.