44 жыл мурун, 1973-жылы 11-майда СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 47 жаш курагында каза болгон.
Ал 1926-жылы 17-майда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу Агриппина Вагановадан таалим алган.
1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан тартып башкы солист болуп иштеген. 1949-жылдан баштап Фрунзедеги (азыркы Бишкек) хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева Кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн данкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Ал СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.