Бүгүн, 11-майда белгилүү орусиялык композитор, акын, продюсер Константин Меладзе 54 жашка толду. Ал 1963-жылы Грузиянын Батуми шаарында туулган.
Ал 2000-жылы Дмитрий Костюк менен биргеликте "ВИА-Гра" тобун түзүшкөнү менен белгилүү болгон. Андан сырткары анын ырларын Алла Пугачёва, София Ротару, Кристина Орбакайте, Валерия, Ани Лорак, Вера Брежнева, Полина Гагарина, Анастасия Приходько, Григорий Лепс, Таисия Повалий, Верка Сердючка, "ВИА-Гра", "БиС", "Инь-Ян" топтору аткарып келген.
Жеке жашоосу:
Продюсер 1994-жылы Яна Сумм аттуу сулууга үйлөнгөн. Түгөйлөр 2 кыз, 1 уулдуу болушкан. 19 жылдык никеден соӊ 2013-жылы алар ажырашуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Буга себеп Меладзенин белгилүү ырчы Вера Брежнева менен көп жылдарга созулган сүйүү романы болгону айтылат.
Алардын ушак-айыӊга толгон сүйүүсү 2015-жылдын 23-октябрында расмий түрдө баш кошуусу менен ачыкталган. Үйлөнүү салтанаты 7 гана адамдын катышуусунда Италиянын Форте-дей-Марми шаарында орун алганы айтылат.