Өткөн суткада республикада 7 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 1, Нарын жана Жалал-Абад облустарында бирден өрт кырсыгы орун алды. Бишкектеги Чуйков көчөсүндө Ауди 100 унаасы күйүп кетти, себеби такталып жатат.