Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Акчабы айылына ашар жолу менен көпүрө салынууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Акчабы айылы суунун эки жээгинде. Андыктан байланышуу үчүн көпүрө салып жатабыз. Анын узундугу 49, туурасы 4 метр. Ага кетчү каражатты эл чогултуп, жеке ишкерлер демөөрчү болушту", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.