Аксы. Өлөң-Булак айылында жер көчкү коркунучу жаралган аймактан 100дөй адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

Аксы районунун Өлөң-Булак айылында жер көчүү коркунучу жаралган аймактан жашоочулар көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойбеков билдирди.

"Өлөң-Булак айылында жер көчкү түшүү коркунучу жаралган аймактагы тургундарга райондук администрация жана айыл өкмөттөн түзүлгөн комиссия, ошондой эле ӨКМнын адистери барып күн жылып, жердин нымдуулугу тарап, көчкү түшүү коркунучу жоголгончо башка жакка көчүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында 15 турак жайдан 100дөй адам туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлдү", - деп билдирди Тойчубеков.

Маалыматка ылайык, көчүрүлгөн жашоочулардын малдары, үй-буюмдары үйлөрүндө калган.

Эске салсак, буга чейин 9-майда аталган айылда жер көчкү түшүп, жашоочуларга кооптуу абал жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан