"Евровидение-2017" сынагындагы кызыктар: Кипрдин атынан ырдады делген "Сергей Лазарев", Бейонсени туураган ырчы жигит жана сахнадагы романтика

10-майга караган түнү "Евровидение-2017" сынагынын биринчи жарым финалы өтүп, жеӊүүчүлөр аныкталган. Анда 18 өлкөдөн келген катышуучулар өз таланттарын көрсөтүштү. Бири-биринен айырмаланууга, эл алдында өзгөчө таасир калтырууга аракет кылгандар интернет колдонуучулардын шылдыӊдоолоруна кабылып, аларга карата күлкүлүү мемдер жасалып, түрдүү тамаша, билдирүүлөрдү калтырышууда.

Тамашалардын жаралышына сахнада кайсы бир ырчынын өзүн кызыктай алып жүргөнү, бийлегени же ачык кийинүүсү себеп болгон. Алсак, бир катышуучу орусиялык ырчы Сергей Лазаревди туураганы айтылса, бирөөсү америкалык ырчы Бейонсенин образында чыкты деп сынга кабылды. Ошондой эле алып баруучу жигиттердин бири-бирине болгон мамилеси да көз жаздымда калган эмес.

Интернет колдонуучулар Кипрдин катышуучусу Овиг Демирчянды өткөн жылы "Евровидение" сынагына катышкан Сергей Лазаревдин чыгуусу менен окшоштурушкан. Декорация, ырчынын костюму, чач жасалгасы, жадакалса бийлегени да элдин эсине негедир Лазаревди салган.

"Сергей Лазарев Кипрдин атынан катышуудабы?", "Ура, Сергей Лазарев кайра "Евровидение" сынагына келди" деген тамашалар айтылды.

Ал эми португалиялык ырчы Салвадор Собрал көчө сүрөтчүсүнүн образы менен сахнага чыгып, лирикалык романсты аткаруусу менен интернетте сүйкүмдүү ырчы аталууга жетишти.

Бирок анын ырдаганынан да экранда күлкүлүү, кызыктай эмоцияларын көрсөткөнү көрүүчүлөрдү күлдүрүп, бир нече мемдердин жаралышына себеп болду.

Ал эми черногориялык ырчы Славко Калезич "мем сынагынын башкы себепчиси жана эпатаждуу мырза" деп аталды. Ал өзүнүн чыгуусу менен ызы-чуу жаратып, ал жөнүндө дароо бир топ тамашалар жаралууда.
Ал сынактын финалына өтө албаса да, аны Бейонсе менен салыштыруунун өзү чоӊ ийгилик экени айтылууда. Кээ бири ал шиш такачан "Kazaki" бийчилерди эске салганын айтышса, башкалары "Алладин" чыгармасындагы Жиннге окшоштурушкан.
Ал эми сынактын түз эфирин алып барган Владимир Остапчук менен Александр Скичко сахнада бири-бирине кылган мамилеси менен түрдүү талкууларды жаратышты.
"Кимдер алып баруучу болорун билгенден бери ушул учурду күткөн элем", "Азыр эч нерсе эмес, финалда өбүшүүӊөр зарыл", "Сынактын алып баруучулары бирге түнөштү. Алардын бирге түнөгөн видеосу кайда?" деген тамашалар айтылууда.
11-майда сынактын экинчи жарым финалы өтөт. Андыктан ырчыларга байланыштуу тамаша, кызыктар уланары талашсыз.
Hovig - Gravity (Кипр). Евровидение - 2017
Salvador Sobral - Amar Pelos Dois (Португалия). Евровидение - 2017
Slavko Kalezić - Space (Монтенегро). Евровидение - 2017
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
grace
2017-05-11 17:14:14
Бузулган Европа!
+9
Izdeim_seni.
2017-05-11 17:50:46
grace,Кыргызстан мындан жаман бузулган.если что
-6
Anar_13-07-89.j
2017-05-11 20:16:16
Ыймандуу элебиз озун бузулсан эле элди да ошондой ойлой бересинби
+6
Izdeim_seni.
2017-05-11 21:04:48
Anar_13-07-89.j,ойлобой эле. Мени билбей эле Антип айта бербесенчи.
-4
Adi.Avazbekov
2017-05-12 10:25:17
Izdeim_seni.,senda eldi bilbei suilobo
-1
ayjan_90
2017-05-12 00:55:40
Эмне Евровидение ге гейлер катышабы деген ой келди
-1
admin_portal
2017-05-12 10:28:16
Izdeim_seni.,Anar_13-07-89.j, Adi.Avazbekov, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан