Евробиримдик Кеңеши Украина үчүн визасыз режимге макулдук берди

Евробиримдик Кеңеши Украина үчүн визасыз режимди киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу 11-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган чечимге Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Мальта өлкөсүнүн премьер-министри Жозеф Мускат кол коюшу керек. Андан соң чечим Евробиримдик тарабынан расмий жарыяланат. Ошол күндөн 20 күн өткөндөн кийин украиналыктар Евробиримдикке визасыз бара алышат. Ошону менен катар миграция жана коопсуздук боюнча олуттуу көйгөйлөр жаралса визасыз режим жокко чыгарыла турганы маалым болду.

Визасыз режимди киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр Украина менен Евробиримдиктин ортосунда 2008-жылы башталган. Бул маселени кароо улам жылдырылып отуруп, ушул жылдын апрель айында каралган. Анда 751 депутаттын 521и колдоп берген.

Евробиримдиктин курамына 28 мамлекет кирет. Алар Австрия, Бельгия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланды, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция жана Эстония.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2017-05-11 17:30:12
Ме сага...Украина мигранттары ошол жака агылат экен да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан