Жалал-Абад шаарындагы курортто чыр чыкты

Жалал-Абад шаарындагы курортто баш аламандык орун алууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына активист Тимур Саралаев билдирди.

"Жалал-Абад шаарындагы курорттун жетекчиси Максат Абышкаевди кызматтан бошотпой туруп, башка кишини жетекчи кылып дайындап коюшуптур. Мындан улам пикир келишпестиктер орун алып, баш аламандык болууда. Азыркы учурда 30-40тай спорттук кийимчен жигиттер жана жумушчулар жетекчинин мыйзамсыз жумуштан алынышына каршылык билдиришүүдө", - деп билдирди Саралаев.

Ал эми Кыргыз профсоюздар федерациясы курорттун жетекчилиги мыйзамсыз жумуштан алынбаганын айтып чыкты.

"Кыргыз профсоюздар федерациясы курорттун жетекчисин кызматтан бошоткон эмес. Ал айылдык кеңештин депутаттык мандаты үчүн ат салышып жаткандыгына байланыштуу мыйзамга ылайык, анын кызматтык ишмердүүлүгү 28-майга чейин токтотулган. Ошол эле учурда курортко текшерүү жүргүзүлгөндө, баалуулуктар, азык-түлүк жетпей калганы ачыкталган. Мындан сырткары жетекчилик өзүнүн туугандарын, жакындарын жана айылдаштарын кызматтарга коюп алган", - деп билдиришти федерациядан.

Жалал-Абад курортунда чыр чыкты
Жалал-Абад курортунда чыр чыкты (2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tema85
2017-05-11 17:10:50
супер укмуш
-2
Musabaeva.
2017-05-11 17:12:31
Жаман эле болдуго, жаны жетекчи иштей албайт.
-2
grace
2017-05-11 17:15:33
Ушул бардак эле жетишпей турган бизге!
-2
nurali1989
2017-05-11 18:19:12
Ким барса деле тугандарын, жакындарын коет да. Кечке еле ушуну талашышат. Биронун туганы чон болсо, калгандары карап отура берсинби, иштейт да. Билими болсо болду. Ким барса деле козу жеткен, иштей ала турган жакындарын тартат
+5
betatek-2011
2017-05-11 18:32:40
Оо бул курортто ушуга чейинки жетекчилердин бирида кыйратып иштеткен эмес,шарттары начар,только чонтокко..себеби жетекчи болупкелиш учун озу миллиондорду жумшайт,анан кеткиче акчамы чыгарып алайындеп жанталашат...бул курорт Озбекстан же Казакстанда болгондо гулдотуп таштамак кооздоп...
+7
Kroxa
2017-05-11 22:13:08
Кыргызстандын курорттору коп.. бирок шарттарына чеке жылыбайт,только чонток учун иштетилет..жаратылыштын тартуусу болгон ыссык сууларды кордогонубуз кордогон..
+1
frunze12
2017-05-12 03:21:29
Курорт таз кейпин кийип калды, алмаштырышканы да туура!!!
0
alina79
2017-05-12 14:33:40
Мен да соз келгенде айтып калайын.Козу отуп кетишти раматылык атам менен апамы 10 кунго Жалал Абад курортуна алып бардык.Жакшы деген "люкстан" орун алдык.Шарты чындыгында ото начар, ваннасынан суу чыкпайт экен.Администраторун чакырып корсотсом бугун ондоп коёбуз дешти.2 кундон кийин атамдарга звонок кылып, "Ата апа кандай эс алып атасынар"- десем, ой кызым биз шаарда журобуз тамактанып,тамагы начар экен,курсагын тойчуудай эмес дешти .Атам айтат: биз грязь менен суусу учун эле
0
alina79
2017-05-12 14:40:58
Корсо ваннасын ондобоптур. Телевизору турат анысы да корсотпойт экен,тазалыгы болсо "О".Бул 3 жыл мурда болгон окуя.Азыр кантип калды билбейм .Биздикилер бар эле болсун да !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан