Бишкекте Чолпон-Ата көчөсүнүн Чүй менен Анкара көчөсүнө чейинки аралыгы жайдын аягына чейин жабылат

16-майдан тарта Бишкекте Чолпон-Ата көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан бүгүн, 11-майда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул тилкеде оңдоо иштери жүрө тургандыктан, көчө унаалар үчүн жабылат.

"Чолпон-Ата көчөсүнүн жолу, тротуарлары, ирригациялык түйүндөрү оңдолот. Оңдоо иштери жайдын аягына чейин кварталдар арасындагы жана ички кичи райондордун жолун оңдоо программасынын алкагында аткарылат. Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан тыгын жаралбашы үчүн алдын ала альтернативдүү жол тандоону өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ussr7
2017-05-11 18:37:31
Ондоо иштери башталган датаны жазыптыр,качан бутот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан