Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагынын жеңүүчүсүнө жеңил унаа тапшырылды

Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагынын жеңүүчүсү автоунаага ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, баш байгени шаардагы "Жетиген" балдар лицейинин химия мугалими Айжан Абдуватова жеңип алды. Калаа башчысы жеңүүчүнү куттуктап, "Daewoo Matiz 3" үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кароо-сынактын финалдык туруна мугалимдер жамааты, окуучулар жана мэриянын жетекчилиги күбө болушкан. Ошондой эле “Жылдын мыкты мектеби-2017” сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shef87
2017-05-11 18:29:17
Тахи го
-1
zhykyo
2017-05-11 18:54:13
Жакшы эмне дейбиз эми бош убакта таксоня кылыш керек ашык доолот баш жарбайт
-3
grace
2017-05-11 21:01:14
Азамат, өзү мугалимдерди канча керек көтөрүү керек. Өлкөнүн келечеги болгон балдарды тарбиялап өстүрүүчү ата-энеден кийинки ушул мугалимдер.
0
Kroxa
2017-05-11 22:09:26
Молодцы мугалимдин эмгеги жерде калбаптыр...мэрия тарап берип жатабы ошондо???
-2
ayjan_90
2017-05-12 00:49:26
Жаш эле кызго сыйлык кут болсун
-2
BakytAliev
2017-05-12 11:09:15
Бугун баары тескерисинен турганбы дейм баары - басышат ко.
Ошо жетиген мектебин Н.Назарбаев салып бериптир Деп уктум эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан