Жарандар өкмөткө кат жазчу порталдын серверине чабуул болуп, азыркыга чейин оңдоло элек

Жарандар өкмөткө кат жазчу порталдын серверине чабуул болгонун бүгүн, 11-майда Өкмөттөн тастыкташты. Чабуул кайсы убакта болгону белгисиз жана портал азыркыга чейин иштей элек.

Маалыматка ылайык, порталдын маалыматтар базасы өчүрүлгөнү болжолдонууда.

"Учурда катачылыктарды оңдоо иштери жүрүп жатат", - дешти өкмөттөн.

Эскерте кетсек, портал 2014-жылы Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда ишке киргизилген. Бул портал өкмөттүн эл менен байланышын жакшыртуу максатында ачылган. Ал аркылуу өлкөдө жана андан сырткары жашап жаткан жарандар өкмөттүн ар бир мүчөсүнө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан