МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кызыл гүлүм, ай" ырынын клибин тартууда Анжелика экөөбүз дээрлик уктаган жокпуз" дейт Дайыр Исмадияров

2016-жылдын 9-декабрында Бишкектеги Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата өткөн концертте ырчылар Анжелика менен Дайыр Исмадияров "Кызыл гүлүм, ай" ырын атайын жаздырып, бирге аткарышкан. Бүгүн, 11-майда Дайыр Исмадияров аталган ырга тартылган клип жөнүндө буларды билдирди.

"Алгач кайсы ырды чогуу аткарсак деп ойлондук. Мен эски ырларды аткарууну сунуштадым, Анжелика "Кызыл гүлүм, айды" ырдап чыгууну айтып калды. Ырдын аранжировкасы мурун эле жазылган экен. Кайсы бир ырчы акчасын бербей ырдап жүрө бериптир. Бизге жаккандыктан суранып, аны Эдил Маматовдон сатып алып, бир аз өзгөртүп ырдап чыктык.

Кызыл гүл жөнүндө ырдап жаткандыктан сюжети жок, трек клип тартууну чечтик. Буга чейин Москвадагы студияларда бир нече жолу клип тарттырып, тажрыйбам болгондуктан ошол жактан клип тарттык.

Ишенесиздерби, клип тартабыз деген күнү дээрлик уктаган жокпуз. Таӊкы саат 4кө чейин концерт коюп, кайра 6да съёмка башталды. Буга чейин Анжелика менен саламдашуудан ары өтпөгөн болсом, бул ирет бири-бирибиздин кандай адам экенибизди билдик. Анын убакытка тактыгына, мээнеткечтигине баа бердим. Сиздердин концерт болбосо, бул чыгарма жаралбайт эле. Андыктан ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген сиздерге ыраазычылык билдирем", - дейт Дайыр Исмадияров.

Ал эми клипке карата айтылган сын-пикирлер тууралуу мындай дейт:

"Кийимдерин эле көрсөтө бериптир" дегендер боюнча айта кетсем, негизи ар бир ырдын маани-маӊызына карап, атайын формалар тандалып алынат.

Ар бир адамдын пикири бар, кээ бирөө жактырса, башкасы жактырбайт дегендей. Албетте, клиптин кемчиликтери да бар. Бирок жалпысынан өзүбүздүн купулубузга толду".

Дайыр Исмадияров менен Анжеликанын "Кызыл гүл" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aruwka.89
2017-05-11 22:14:51
Кызыык уктабай не кылдынар эле?)))))
+7
Aruwka.89
2017-05-11 22:17:15
Ундору жеткен ырды аткарышат да тандабай эле
+1
meerim01
2017-05-11 22:33:16
Ырлардын баркын кетирдинер ХХХ
0
kudaiberdieva98
2017-05-11 22:52:43
ырдабай эле койбопсунар.
0
ayjan_90
2017-05-12 00:42:37
Экоонун тен уну начар жок десем да болот издешпей табышыпсынар
+1
Aselya_9105
2017-05-12 01:09:43
Сынчылар, андай кыйын экенсиңер, силер ырдап чыкпайт белеңер, кыйратканыңарды көргөзүп!!! Эски ырга тийишпейле койбопсуңар деп ар кимге сыныңарды айтпай, керек болсо азыркы жаш ырчылардын аркасы менен эски ырлар эч качан унутта калбайт билип жүргүлө.
-2
Best.bakyt
2017-05-12 05:29:18
Aselya_9105,Кыйын экенсинер силер ырдап чыкпайт беленер"-деп бир абысынын менен айтышып аткансын жазыпсын го. Сын айткан киши созсуз алардын кыйын болушу керек эмес. Алар профессионалдар деп жогорку денгээлде болсо деп айтып жатат да. Комментарий калтырууда кичине болсо да жазуу маданиятын билсек дейм, кочоо денгээлине тушпой. Кызык адамдар бар.
0
Aselya_9105
2017-05-12 20:58:21
Best.bakyt,көчө деңгээлине түшүп жаткан мен эмес.
0
mersedes2013
2017-05-12 01:36:48
Абдан соонун эле ырдашкан,шандуу ырдашкан,конулду которо турган болуп.Биздикилерди сындатып эле коюшса,жакшы сын жазганды билишпейт.Сынчынын сынар отугу майрын экен
0
Marjan92
2017-05-12 02:36:42
Ошондо эски ырларды кайрадан ырдап чыгышканы учун бул жаш муунга да жетип жатпайбы.эгер азыркы ырчылар эски ырды ырдабаса жаш муундардын тушуно кирмек беле айтат десе эле айта бересинерда.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан