Түштүк Кореянын тургуну Канбин Ли кофени көркөмдөөнүн жолун тапты. Ал жөн гана көбүктөн сүрөт тартпайт, ал чыныгы шедевр жаратканга жөндөмдүү.
Канбин Ли Сеулда жашап, "C.Through" кофейнясында иштейт. Ал өзүнүн ыкмасын "cremart" деп атап, ийгиликтүү тарткан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырат.
Кореялык бармен сиз үчүн каалаган сүрөттү тартып берчүдөй, сүйкүмдүү жаныбардан, укмуштуу пейзаждарга чейин, жадакалса Ван Гогдун да чыгармаларын тартып салат.
Анын иштерин баалаган колдонуучулар "мындай кофени ичип салууга кимдин эрки жетсин?" деген сыяктуу комментарийлерди беришүүдө.