Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы Төкөлдөш жаңы конушунда саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул эле убакытта Чүй облусундагы Кара-Балта шаарына, Жайыл, Москва райондоруна электр кубаттуулугун берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, электр жарыгынын өчүрүлүшү “Калининское” жана “Ак-Суу” көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.