Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Катар мамлекетинин маданият күндөрү өтүүдө. Буга карата театрда шаар тургундарына улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда концерт тартууланып, аталган мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары, улуттук кийимдери жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлган.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкуловдун айтымында, Катардын маданият күндөрү Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкы болуп Кыргыз мамлекетинде өтүүдө.
"Маданият күндөрү кечээ, 10-майда башталган, эртең аяктайт. Акыркы мезгилде араб мамлекеттери менен, анын ичинде өнүккөн Катар менен өлкөбүздүн алакасы жакшы болууда. Бул иш-чарага аталган өлкөнүн маданият жана спорт министринин орун басары келди. Эртең коноктор борбор калаадагы жогорку окуу жайларга барып, лекцияларды окушат. Жакында биздин өлкөнүн өкүлдөрү дагы Катарга барып, маданиятыбызды тааныштырабыз", - деп билдирди Азамат Жаманкулов.