Ооганстанда 4 түрк жараны менен кошо барымтага алынган кыргыз учкучу Нургазы Конушбековду террорчулар бошотту. Бул тууралуу 12-майда Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы митинг учурунда жарыялады. Маалым болгондой, Түркиянын чалгын кызматынын аракеттеринин натыйжасында террорчулар 8 туткундун төртөөсүн аман-эсен өткөрүп берди.
Эске салсак, кыргыз жараны Нургазы Конушбеков Ооганстанда эки өлкөнүн достугун өнүктүрүү максатында келишимдик негизде учкуч болуп иштеп жүргөн. 22-апрелде ал жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар тик учак авариялык абалга туш болуп, аталган өлкөдөгү Логар провинциясынын аймагына конууга аргасыз болушкан. Андан соң аларды террорчулар туткундап алышкан болчу. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ооган бийлигине атайын кайрылган.