Гарвард университетинде билим алган кыргыздар аталган окуу жайга өтүү жолдорун айтып беришти

Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайлардын бири Гарвард университетинин алдындагы мектептерде билим алган кыргыздар бүгүн, 11-майда Бишкекте студенттерге, окуучуларга аталган окуу жайга өтүү жолдорун айтып беришти. Жолугушууда Шамиль Ибрагимов, Умар Шавуров (Harvard Kennedy School мектебинде билим алышкан), Чолпонбек Жумашүкүров (Harvard Business School) жана Гульнара Каликова (Harvard Law School) конокторду кызыктырган суроолорго жооп беришип, баштарынан өткөн окуяларын баяндап беришти.

Алар чет жерде билим алып келгенден кийин жашоолорунда жакшы жакка өзгөрүүлөр болгондугун, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтышты. Ошондой эле чет өлкөдөгү окуу жайга тапшыруу учурунда эссе жазуу баскычы кыйынчылыктарды жаратканын, аталган окуу жайга өтүү үчүн англис тилин жогорку деңгээлде билүү керектигин баса белгилешти.

"Чет өлкөгө окууга тапшыруунун алдында ар бир адам өзүнө "чын эле башка мамлекетте билим алгым келип жатабы" деген суроо салып, кыялын аныктап алышы керек. Окууга өткөнүң 40 пайызды түзсө, ага кете турган каражат калган пайызын түзүп калат экен. Андыктан тапшыруунун алдында муну билип алган оң. Гарвардга өтүп, бирок каражаттан кыйналгандардын көбү президентке, коомчулукка жардам сурап кайрылышат", - деди Умар Шавуров.

Ал эми Шамиль Ибрагимов чет жердеги окуу жайларга тапшыруу мөөнөтү октябрь айынан декабрга чейин уланарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shekeev969798
2017-05-12 07:50:59
Мен дагы тапшырам Куда кааласа
0
Medinaa
2017-05-12 08:22:45
Менин таанышым жүрөт го)

Гарвардда окуса кандай гана бактылуу,кыйын адам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан