12-майда өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнөн билдиришти. Айта кетсек, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда 1 тилсиз жоо катталды. Бишкек шаарындагы “Эгоистка” суулуулук салонунан өрт чыкты. Адам өмүрүнө коркунуч алып келген факты болгон жок жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.