Жыл башынан бери 5422 айылдык товар өндүрүүчүгө 2 миллиард сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилди

Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорун ишке ашыруунун алкагында өлкөдөгү 5422 айылдык товар өндүрүүчүгө 2 миллиард 83 миллион 59 миң сомго жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу 10-майда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, берилген каражаттардын 360 миллион 74,9 миң сому өсүмдүк өстүрүүчүлүккө, 1 миллиард 569 миллион 109,1 миң сому мал чарбачылыкка, 153 миллион 875 миң сому кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө багытталды. Облустар боюнча Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы насыя алгандардын саны көп болгон. Чүй облусунда - 1038, Жалал-Абад - 1205, Ош - 867, Баткен - 386, Ысык-Көл - 719, Нарын - 600, Талас облусунда 607 адамга жеңилдетилген насыя берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан