Белгилүү италиялык музыкант жана ди-джей Роберт Майлз 47 жашында Ибица аралында 9-майда каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал көпкө созулган оорудан каза болгону айтылганы менен, кайсы ооруга чалдыкканы белгисиз. Композитор дүйнө жүзүнө 1995-жылы чыккан "Children" композициясы менен таанылган. Аталган композиция миллиондогон тираждарда сатылган. Ал эми 1996-жылы Роберт Майлз "Fable" композициясын жазып чыгар замат, Европа, Австралия жана АКШда хитке айланган. Бул чыгармалар анын алгачкы "Dreamland" альбомуна кирген. Бул ийгиликтен кийин аны "дрим-хаус" стилинин негиздөөчүсү катары эсептешет. Өзүнүн узакка созулбаган өмүрүндө ал 6 альбом чыгарууга жетишкен. Анын акыркы альбому "Th1rt3en" деп аталып, 2011-жылы чыккан.