"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Нарындын Оттук айылынын жолуна ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөөлөр 2-класстын окуучусу сүзүлүп, каза болгон соң орнотулууда

Бүгүн, 12-майда Бишкек-Торугарт жолунун боюндагы Оттук айылынын жолуна ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөөлөр коюла баштайт. Бул тууралуу Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов SUPER.KG порталына кабарлады.

"11-майда саат 15:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 316-чакырымында, Оттук айылында Каракол-Нарын каттамы боюнча келе жаткан кичи автобустун 59 жаштагы айдоочусу велосипед тээп бара жаткан 2-класстын окуучусун сүзүп алган. Маалыматка ылайык, окуучу үйүнүн жанынан велосипед менен жолго чыга калганда, кичи автобустун алдынкы дөңгөлөгүнө урунуп, астына кирип кеткен. Окуучу Нарын райондук жандандыруу бөлүмүнө жетпей каза болгон. Учурда бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн. Ким канчалык деңгээлде күнөөлүү экени тергөөдөн кийин белгилүү болот", - деди Тилек Оторов.

Ошондой эле ал бул кырсыктан кийин Бишкек-Торугарт жолун тоскон жергиликтүү тургундар менен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурлан Сарчаев, облустук администрациянын, Патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү жолугуп, элдин ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөөлөрдү орнотуу талабын угушканын кошумчалады. Тилек Оторовдун айтымында, бүгүнтөн тарта ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөөлөр орнотула баштайт.

Ал эми Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы дөңсөөлөр Оттук айылындагы жолдун 9 жерине "Копри СиноХидро" жол ишканасы тарабынан коюларын билдирди.

Бишкек-Торугарт жолун тоскондор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2017-05-12 12:19:00
Ошентип бироо созсуз олуп анан кыймылдабасанар кыймылдабай калдынар го...жол боюндагы айылдарда бала чака мал сал деген болот 40 менен жургондо сузсо да олбойт болчу 120 140 менен баратса керек..
0
AIZAD
2017-05-12 12:46:30
25жыл мурун ушул айылда 13жаш кезинде менин тайэжемди да машина сузуп каза болгон, катуу келаткан экен.
0
munduz2016
2017-05-12 17:52:34
Сузак айылына келип көрсөңөр ар 50метрде дөңсөө койулган.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан