"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкектин Москва жана Калык Акиев көчөсүнүн кесилишине орнотулган ажаткана алынды

Бишкектин Москва жана Калык Акиев көчөсүнүн кесилишине орнотулган ажаткана алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына Ленин районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Аскат Карынбаев билдирди.

"Учурда Калык Акиев көчөсүндө жолду оңдоо иштери жүрүүдө. Жолго асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүп жаткан. Оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулар жол четинде турган убактылуу ажаткананы жолго жылдырып коюшкан. Анткени жол четиндеги жер алдынан өтүүчү жылуулук түтүктөрү оңдоого тоскоолдук жараткан. Бул ажаткана жол ортосуна жылдырылган, бирок пайдаланылган эмес", - деп билдирди Карынбаев.

Эске салсак, 11-майда окурман Элдик кабарга "Бишкектеги Москва жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде ажаткана турат" деп маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ayjan_90
2017-05-12 11:26:05
Туштон кийин алынды деп айтсаса албайт эленер
+1
Doni99
2017-05-12 11:51:27
Bet-set degen kalbaptyr bularda
+1
Makain
2017-05-12 14:05:24
Пайдаланса керек иштеп жаткандар бардыда
0
aerforce
2017-05-12 15:51:39
Эркекче смартфонду уттун
0
jonne
2017-05-12 16:12:24
10.000 сом штраф салынсын кадимкидей туалет болуп туратко
0
Djal1987
2017-05-13 03:20:02
Калп! Жалганчы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан