Феликс Кулов: "президенттикке талапкерлер "жигитче келишим" түзүшү керек"

Бишкекте бүгүн, 12-майда "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" аталышындагы жалпы жарандык форум-диалог өтүүдө. "Жарандык көзөмөл комитети" уюштурган иш-чаранын максаты - президенттик шайлоого даярдык жана аны таза, тынч өткөрүү эрежелерин тактоо. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, БШКнын өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер, укук коргоочулар, активисттер катышып жатат.

10:30. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК президенттик шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатканын, шайлоонун процедуралары тууралуу айтты. Ал добуштардын жыйынтыгы маалыматтык сайтка жайгаштырыларын белгилеп, фальсификация фактылары катталбай турганын кошумчалады. Ошондой эле добуштарды эсептөөдө борбордук серверди көзөмөлдөп туруу үчүн атайын кеңешти түзүү каралып жатканын билдирди.

10:39. Темирлан Ибраимов: "Алдыда тагдырды чечүүчү окуя болгону турат - бул президенттик шайлоо. Кыргызды кийинки 5-6 жылда башкара турган адам тандалат. Чындыгында биз тандап алган адам өлкөнүн экономикасынын жүзү болуп саналат. Тышкы жана ички саясат, экономикалык чакырыктар болуп турат. Кыргыз мамлекети чындыгында жарды өлкө. Кийинки президент өлкөнү өнүктүрүүдө уюштурганга мүмкүнчүлүгү бар адам болушу керек. БШК айрым талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзгөнүн колдобой жатат. Бирок азыр биз үгүт кампаниялары баштала электигин эске алганда 1-2 жыл мурункудай абалда эле болобуз. Мыйзамды карап, туура баа бериш керек", - деди.

10:45. Роза Отунбаева: "Шайлоого 5 ай калганда талапкерлер чыга баштады, азырынча алардын программалары жарыялана элек. Талапкерлер белгилүү адамдар, буга чейин премьер-министр, депутат болуп иштегендер. Алар Кыргызды өнүктүрүп кетеби азырынча сюрприз. Өнүгүп жаткан өлкөлөргө ПРООН жардам берип келет. Алмазбек Атамбаев баш болуп 2040-жылга чейин өнүктүрүү "Таза коом" долбоору иштелип чыгууда. Буга эл аралык коомчулук колдоо көрсөтүп жатат. Бул жерде аталган долбоордун демөөрчүлөрү отурат. Долбоор шайлоо башталганга чейин элге көрсөтүлүп, кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштериндеги курал болбошу керек", - деди.

Ошондой эле Кыргыздагы жардылыктын көрсөткүчүнө токтолду. Мындан сырткары Өзгөн районундагы жер көчкү болгон айылдагы кырдаалга токтолду. "Жакында жер көчкү болгон Аюу айылында болдум. Ал жакта адамдар жашаган шартты көрдүм. Аларда мал жандыктарынан башка эч нерсеси жок. Бул учурда сын айтпай жылуу сөз айтуу керек. Жаңы курулган үйлөр дээрлик жок. Баары миграция менен жүрүшкөнү көрүнүп турат. Быйыл өлкөнүн түштүгү жаратылыш кырсыктарына толуп кетти. 10 миңдеген адамдарды коопсуз жайга көчүрүү зарыл", - деди Отунбаева.

"Жаңы президент тышкы саясаттын өнүгүү багытын бекитип бериши зарыл. Келерки президент өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы багытын аныктабайт. Азыр бийликте үч позиция турат, парламент азырынча саясий процесстердин очогу боло элек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин пайдубалын түптөө тепкичинде турабыз. Башчылыгыбызда өнүктүрө алган бир эмес эки таланттуу адам бар. Күнүмдүк иштер менен премьер-министр, сырткы саясат менен президент алектенет", - деди ал.

Отунбаева президенттин милдетине жарандардын коопсуздугу жана сот реформасы кирерин белгилеп өттү.

"Бизде аткара турган жумуштар көп, көз карандысыз сотторсуз өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Президенттин 6 жылда аткара турган иштериндеги жоопкерчиликти аныктап алуу зарыл, ал өзүнө өкмөт башчынын милдетин үйбөшү керек", - деди Роза Отунбаева.

Ошондой эле президенттикке талапкерлерге кийин президенттик жана өкмөттүк аппаратка жаңы кадрларды алууну сунуштады.

"Акаев жана Бакиевдин командасындагылар Атамбаевдин бийлигине жакшы аралашып кетишти. Бардык талапкерлер жана саясий күчтөр, КСДПдан президенттикке талапкер эрежелерди кабыл алышы керек. Мунун үстүндө БШК менен тийиштүү органдар иш алып барышы кажет. Эгерде ишеним болсо, шайлоодо легитимдүүлүк болот. Ушул жол менен гана өзүнө ишеним арттырса болот", - дейт Отунбаева.

11:04. Феликс Кулов президенттикке талапкерлер "жигитче келишим" түзүшү керек деген оюн айтты: "Президенттик шайлоодо кимде акча жок болсо ал өтпөй калат. Мен талапкерлерди теледебаттарды өткөрүүгө чакырат элем. Бир-бирден эмес. Алар лидер катары сот системи, коопсуздук тууралуу айтышы керек. Президент партиядан сырткары болушу зарыл деп эсептейм. Биз айткан сөзүнө бек туруп, жигитче сөз бериши керек деген ойдо жигитчилик келишимди сунуштайбыз", - деди.

11:08. Марат Кайыпов: "Биз бул жерге келерки президенттик шайлоо таза, адилеттүү, коопсуз өтсүн деп чогулдук. Жигитче келишим менен иш бүтпөйт. Биз коопсуздуктун кепилдиги боло албайбыз. БШК президенттик шайлоону таза өткөрөрүнө күмөнүм бар. БШК, балким, добуштарды таза санап берер, бирок ага чейинки абалды, добуштар кимге сатылып жатканын көзөмөлдөй албайт. Форумдан кийин чечим кабыл алып, президентке кайрылуу жасасак. Тарыхта аксакалдарыбыз улуу маселелерди чечкенде ийри отуруп түз чечишчү. Президент ошондой тегерек стол өткөрсүн. Коомдук ишмерлерди, журналисттерди чакырсын. Анан коопсуздук тууралуу айтышы керек. Азыр Роза Отунбаева эч кимден коркпой басып жүрөт. Алмазбек Атамбаев дагы ушундай нерсени ойлонуп жатат "кийин эркин баса аламбы?" деп. Ошон үчүн шайлоо таза өтүшү керек", - деген оюн айтты.

11:15. Аликбек Жекшенкулов: "Коомчулук менен бийликте диалог болбогону үчүн буга чейин төңкөрүш болгон. Президент кетерде отчёт беришин талап кылышыбыз керек. Өлкөдөгү туруктуулукка бийлик жоопкерчиликти алышы кажет. Бүгүнкү иш-чарадан кийин президентке кайрылуу жасабай декларация кабыл алганыбыз оң", - деп билдирди.

11:29. Чолпон Жакупова форумда диалог жүргүзүү максаты ишке ашпаганын айтып, буга оппозициянын чабалдыгы себеп экенин айтты. "Азыр кожоюндун көзүнө талапкер катары көрүнүү үчүн баары ар кайсы жакка чуркап жатышат. Жарандык комитеттин максаттарынын бири коомчулукту бириктирүү болуп саналат. Азыр коомдо агрессия күчөдү. Агрессия жарандардан эмес, Ак үйдүн 7-кабатынан келип жатат", - деди.

Ошону менен бирге БШКнын президенттикке талапкерлердин алдын ала үгүт иштерин жүргүзгөнүнө эскертүү бергенин сынга алып, бул президенттик шайлоонун күнү так аныктала электе аталган комиссиянын ыйгарым укугуна кирбей турганын айтты. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабековага кайрылып: "Коомдун алдына чыкканда эмнени сүйлөш керектигин айтып туруу үчүн 3 билимдүү юрист алып алсаңыз. Ушуну президентке дагы сунуштайт элем. Анан биз айткан сөздөрүбүзгө терикпеш үчүн. Анын юридикалык бөлүмү бар. Бюджет дагы жетет, юрист алганга мүмкүнчүлүк берет", - деп сөзүн бүтүрдү.

11:40. Осмонакун Ибраимов Атамбаевден кийин ким келсе дагы баары жакшы болорун айтат. "Талапкерлер боюнча кооптонууларым жок. Алмазбек Атамбаев көпкө кармалбай кетем дегенине ыраазычылык айтат элем. Мисалы, мен БШКнын машинасына ишенбейм. Менин көп жылдан берки досум, Алмазбек Атамбаевден үлгү алгым келбейт, ал президент болгонго чейин дос элем. Ал майрамдарда, параддарда сүйлөп калчу эле", - деди.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага кайрылып: "Менин мамилем кандай экенин билесиз, бирок сын айтышыма өзүңүз түрткү болуп жатасыз. Сиздин сөздөрүңүз тууралуу айтайын. Акаев менен Бакиевдердин учурундагы саясатчылар бийликке келишүүдө деп айтканыңызды токтотсоңуз. Кимде жөндөмдүүлүк болсо бара беришсин. Анан алар кайда барышсын? Сиз астронавт Мотуев сыяктуу президентсиз. Сөздөрүмдү эстеп калсаңыз", - деди.

11:43. УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусун депутат Аида Салянова окуп берди. Текебаев КРнын Конституциясына ылайык, парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча жоопкерчилик президентке жүктөлгөнүн, президенттик шайлоону уюштурууда саясий жана юридикалык жоопкерчилик толугу менен Жогорку Кеңеште болорун белгилеген. Ошондой эле көпчүлүк депутаттар саясий басымга кабылганын айткан. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө кайрылып тарыхый жоопкерчиликти алууга, оппозицияны биримдикке чакырган.

11:46. Камила Шаршекеева: "Мен революциялардын катышуучусу эмесмин. Менимче, азыр биз революцияны баштан өткөргөн өлкөгө окшобойбуз. Башка мамлекеттер революциянын жыйынтыктарын көрсөтүп жатышат. Бүгүн өлкөдөгү кырдаал кандайдыр бир аракет жасашыбыз керектигин көрсөтүп турат. Калктын көпчүлүгү сабатсыз. 20 кылымда дискриминация жүрөт. Айылдарды айтпай эле коёюн, шаардагы конуштарда жолдор караңгы, канализация , суу жок. Баарыбыз жоопкерчиликтүүбүз. Митингдерде көрүп жатканда эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин айтып жаткандарды уккан эмес экенмин. Мен анда стратегия жок экенин көрүшүм керек эле. Эми карагыла, азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Мына бүгүн бийликтин өкүлү катары БШКнын төрайымын карагыла. Анын көзүндө, үнүндө коркуу бар. Биз жана президент коркууну жаратышы мүмкүн. Кызмат ордун жоготуудан коркушат", - деп шайлоо процессине баарын катышууга чакырды.

11:50. Равшан Жээнбеков: "Бүгүнкү күндө туруктуусуздукка ММК, оппозиция эмес президент жана анын командасы алып келип жатат. Саясий оппоненттерин шайлоо алдында массалык түрдө камакка алган, сөз эркиндигин кысымга алган, шайлоо алдында, бийликтен кетерде мамлекетти кайрадан туруксуздукка алып келип жаткан - бул президент жана анын командасы болууда. Ошон үчүн коомдо туруктуулукту сактайын десек бийлик саясий оппоненттерин камоону токтотуп, камалгандарды бошотушу керек", - деп президенттикке талапкерлер саясий оппоненттерин кийин ММКлар аркылуу жамандабайм деген убада бериши керек деди.

12:18. Темир Сариев: "Акаев бийликтен кеткенине 12 жыл болду, биз дагы эле Акаевчи дейбиз. Шайлоонун жыйынтыгы биримдикке алып келеби же талаш тартышка алып келеби - бул БШК, аткаруу бийлиги, шайлоочулардын өзүнөн көз каранды. Шайлоонун жыйынтыгын биринчи эл, талапкерлер таанышы керек. Программалар тууралуу айтып жатасыңар, аны жазам дегендер бар, чыгып жатат. Президентикке келчү адамдын жеке өзөгү болуп, чечкиндүү болушу керек. Милдетин албай илдетин алып, бардык тармактар бирдей өнүккөнгө шарт түзүшү зарыл. Азыр мурунку шайлоо процессине кайтуу тууралуу айтылып жатат. Бул боюнча 2015-жылы мен премьер-министр болуп турганда кат жазышкан. Биометрикадан баш тартып, мурунку мыйзамга келели деп сунушташкан. Ошол жерде чогулуш болуп, мен биз ага бара албай турганыбызды айткам. Мурун шайлоодо бюллетендерди пачкалап салгандарды билебиз. Коомдук көзөмөл кылам десеңер макулбуз. Ошону колго алып, аудит кылалы. Жигиттик келишимдин жакшы жактары бар ойлонуш керек. Укуктук эмес моралдык жоопкерчиликке алып келет. Аны карап чыгышыбыз керек", - деп билдирди.

12:20. Каныбек Иманалиев: "Саясий атаандаштык жөнүндө сөз болду. Оппозициялык күчтөрдөн күчтүү талапкер катары Өмүрбек Текебаевден башка ким бар? Ал түрмөдө отурганда кандай саясий атаандаштык болот? Биз демократиялык үчүн саясий күрөштө биринчи таймды уттурдук. Жаңы Конституция репрессиялык көрүнүштөргө жол ачты. Мына Текебаевдин баш коргоо чарасын караган 5 соттук отурумга катыша алган жокпуз, качантан бери аны менен жолуга албай жатабыз. Акыркы учурда бир айдын ичинде 5-6 журналисттер сотко берилип, үй-мүлккө камакка алынды. Парламенттин жетеби? Жетпейт! Биздин 11 добушубуз бар. Көрдүңөр, Конституция 88 добуш менен монолог болуп өттү. Диалог болгон жок. Бул президенттик шайлоо мурункудан айырмаланып кризис маалында өтүүдө. Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруудан кийин Кыргыз мамлекети террордук акттар болчу өлкөлөрдүн катарына кирди. Мыйзамды сактабаган акыркы 10 өлкөнүн катарындабыз. Соттордун чечиминин 40 пайызы аткарылбайт экен. Анда мамлекеттик институттардын эмне кереги бар", - деди депутат.

12:47. Эрнест Абдыжапаров саясий кырдаал өлкөнүн маданият тармагына таасирин тийгизерин айтты.

"Эл кыдырып кино тартам. Анан Бөкөнбаев айылындагы бала бакчадагы 5 жаштагы балдар менен сүйлөшүп калдым. Алардан келечекте ким болосуң деп сурасам 15и стоматолог десе, экөөсү президент болом "иштейм, уурдайм" деди. Чындыгында бул 5 жаштагы бала оозунан чыгып жаткан сөздөрүн канчалык деңгээлде түшүнүп жатты билбейм, бүгүнкү күндө биздин коом ууру коомго айланып калды. Туу катары материалдык баалуулуктарды көз алдыбызга элестетип, ички руханий байлыкты жоготуп алдык. Биз мектепти түп тамыры менен реформалашыбыз керек. Азыр жаштардын 90 пайызы "Манасты" билбейт, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын унутуп коюшту", - деди Абдыжапаров.

13:08. Бурул Макенбаева президент бир гана Бишкек шаарында иш алып барбай, иш мөөнөтүнүн 5 пайызын Ош шаарында иштесе деген сунушун айтты. Ошондой эле президент менен парламент бир имаратта иштебесе деген оюн билдирди.

13:28. Аида Салянова акыркы учурда саясий куугунтук болуп жатканын белгилеп өттү. "Эгерде сотко арыз жазуулар токтоп калса, демек, адамдардын коркуп калганы болот. Бул жерде сөз сүйлөөгө даярдангандар президенттин кадыр-баркына шек келтирбеш үчүн сөзүңөр цензурадан өткөн болушу мүмкүн", - деди Салянова.

13:35. Атыр Абдырахматова БШКда президенттик шайлоону уюштуруу иштеринде катачылыктар болуп жатканын моюнга аларын айтты. "Катачылыктар тууралуу сөздөр болуп жатса жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн БШКнын жыйынына чакырабыз. Ошол жакта талкууласак", - деп билдирди.

Форумдун соңунда айтылган сунуштар боюнча декларация кабыл алынып, бир аптанын ичинде иштелип чыга турган болду. Андан кийин коомчулукка жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан