ЖЫЛНААМА, 12-МАЙ: Эл аралык мээрман айымдар күнү

Бүгүн, 12-май - Эл аралык мээрман айымдар күнү. Майрамга 100 жылдай болгонуна карабастан, аны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана ырааттуу жүргүзүлүп келет. Мээрман айымдардын кызматы биринчи жолу Флоренс Найтингейл тарабынан Крым согушу маалында колдонулган. Эл аралык Кызыл Чырым уюму эки жылда бир жолу 50 мээрман айымга Флоренс Найтингейл атындагы жогорку сыйлык тапшырат. Бул күн Кыргызда 1993-жылдан бери белгилене баштаган.

Республика боюнча 33 миң 444 медициналык орто билимдүү адис бар. Өлкөбүздө 10 миң кишиге 55,6 адис туура келет. Ал эми дарыгерлердин саны 13 миң 209. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптарга кам көрүүнүн 80 пайызы мээрман айымдардын моюнуна жүктөлөт. Эгер батыш өлкөлөрүндө бир мээрман айымга 5 бейтап туш келсе, Кыргызда алардын саны 20га жетет. 2012-жылы 3901 мээрман айым жумуштан кетсе, алардын ичинен чет өлкөгө кеткендердин саны 312.

Мээрман айымдар саламаттыкты сактоо системинин туруктуу болушуна чоң салымын кошушат.

12-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан