"Максим Бакиев качандыр бир кезде Кыргызстанда өз жазасын алары ишеничсиз". АКШнын Максим Бакиевди экстрадициялоого карата козголгон кылмыш ишин токтотуп койгонуна ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина ушундай түшүндүрмө берди.
“Албетте, Максим Бакиевди өлкөгө кайтарып алуу үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мындан аркы чараларды кабыл алуусу керек. Бирок чындыгында мен анын жазасын аларына ишенбейм. Ал тургай аны алып келишкен күндө да ал же качып кетет, же аны бошотуп жиберишет. Биз өлкөнү тартипке келтире албай жатабыз, күнөөсүз адамдар абакта отурушат жана алар канча жылдардан бери өздөрүнүн күнөөсүз экендигин далилдей албай келе жатышат. Ал эми мамлекетке зыян келтирген адамдар эркиндикте, эч кандай жазасын албай эле жүрүшөт. Мындай абалда Бакиевдин жазасы жөнүндө кайдан кеп болушу мүмкүн? Мен мисалы, буга ишенбейм”,- дейт эл өкүлү.
"Экс-президенттин баласынын республикага келиши абалды туруксуздаштырып, мамлекеттик ички чыр-чатакка алып келет, себеби Бакиевдердин дагы да болсо Кыргызстанда тарапташтары бар",- деп кошумчалады ал.