2017-жылдын алгачкы 4 айында өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүү боюнча 47 факт катталган

Жашы жете электердин өз өмүрүн кыюусуна көп учурда ата-энеси менен болгон чыр-чатактар себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда өткөн жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана аларга карата зордук-зомбулук боюнча маалымат жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын башчысы Азамат Абдрахмановдун айтымында, 2017-жылдын алгачкы 4 айында өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүү боюнча 47 факт катталган. Алардын 29у балдардын ата-энеси менен болгон уруштарынан же аларга таарынычынан улам келип чыккан.

Мындан сырткары быйылкы жылдын алгачкы 4 айында балдардын кылмыштуулугу былтыркыга салыштырмалуу 36,7 пайызга төмөндөгөн.

Ошондой эле "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун төрайымы Лариса Илибезова Ички иштер министрлиги менен бирге балдарга карата зордук-зомбулук, кыздардын эрте турмушка чыгышы боюнча китептерди чыгарып, өлкө аймагында бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан